Мазмунга өтүү

Дирижёр

Википедия дан
13:04, 2 декабрь 2014 карата Айзирек Урматбекова (талкуу | салымы) (Created page with " Дирижёр (француз тилинен diriger – багыттоо, башкаруу) – музыкалык чыгарма аткарып жаткан коллек...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
 Дирижёр (француз тилинен diriger – багыттоо, башкаруу) – музыкалык чыгарма аткарып жаткан коллективди(оркестр, хор, ансамбль, опера жана балет группасы) башкаруучу киши. Дирижёр репетицияларда даярдоо жумуштарын жүргүзүп. Спектакль менен концерттерде музыканын нота боюнча аткарылышын камсыз кылат. XVIII кылымда вокалдык же аспаптык капелланын дирижёру капельмейстер, орустун чиркөо хорунун дирижёру регент деп аталган. Хорду башкаруучу хор хор дирижёру же хормейстер деп аталат, кызматы дирижёрлук кылуу.