Мазмунга өтүү

Примат

Википедия дан
Приматтар.

Приматтар (Primates) – татаал түзүлүштүү сүт эмүүчүлөрдүн түркүмү. Байыркы приматтар бор мезгилинде Азиядан Европага, Түндүк Америкага, Африкага ооп кетишкен.

Азыр алардын 2 түркүмчөсү (чала маймылдар жана маймылдар) белгилүү. Жүн менен капталган денесинин узундугу 13–175 см, салмагы 60 гдан 180 кгга жетет. Бетинде, алаканында жана таманында жүнү болбойт. Приматтардын куйругу түрдүү узундукта болуп, айрымдарында кармагыч кызмат аткарат, кээ биринде жок. Буту беш манжалуу, баш бармагы калган манжаларына карама-каршы жайгашып, даракты ж. б. нерселерди кармоого ылайыкталган. Приматтардын көрүү, угуу ж. б. органдары жакшы өөрчүгөн, жыт сезүүсү редукцияланган, кээсинин мээси бырыштуу, татаал түзүлүштө. Баш сөөгүнүн мээ бөлүгү чоң, бет сөөгү сүйрү, 32–36 тиши бар. Азыркы приматтардын 200дөй түрү негизинен Азия менен Африканын тропик, субтропик токойлорунда, Малайя архипелагынын аралында, Борбордук жана Түштүк Америкада таралган. Даракта, жерде топтошуп, кээде экиден же бирден жашап, өсүмдүк (бутак, сабак, жалбырак, мөмө ж. б.), чанда курт-кумурска менен азыктанат. Ургаачысы 1–2, кээде 3тү тууйт. Приматтарды азыркы тупайяга окшош курт-кумурска жечү эң жөнөкөй сүт эмүүчүлөрдөн келип чыккан. Приматтарды жергиликтүү эл этин, терисин керектеп, ошондой эле зоопарк жана илимий мекемелер үчүн кармалып, жашаган жери тарып кеткендиктен, саны азаюуда. Приматтардын 63 түрү жана түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине киргизилген.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]