Мазмунга өтүү

Фижи

Википедия дан

Фижи Республикасы
англ. Republic of Fiji
фижи Matanitu Tugalala o Viti
фижи хиндиси Fidźi Ganaradźja / фижи хиндиси फ़िजी गणराज्य

Герб
Туу Герб
Урааны: «Rerevaka na Kalou ka Doka na Tui (Кудай Фижиге батаңды бер)»
Гимн: «Кудайдан корк жана падышаны сыйла»
Эгемендүүлүк күнү 10-октябрь 1970-жыл

Улуу Британиядан)

Расмий тили англис тили, фижи тили, хиндустани
Борбор шаары Сува
Ири шаарлар Сува, Лаутока
Башкаруу формасы Парламенттик республика
Президент
Премьер-министр
Уильям Катонивере
Ситивени Рабука
Мам. дини Динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
151-орун - дүйнөдө
18,274 км²
Калкы
• Бааланган (2018)
Жыштыгы

926,276 адам (161-орун)
46,4 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы

15,152 млрд $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

5,511 млрд $
6,024 $
АДӨИ  0,730 (жогору) (99-орун)
Этнохороним фижилик, фижиликтер
Акча бирдиги Фижи доллары (FJD)
Домени .fj
ISO коду FJ
ЭОК коду FIJ
Телефон коду +679
Убакыт аралыгы UTC +12:00

Фижи (англ. Fiji, фижи Viti, фижи хиндиси Fidźi), расмий аталышы — Фижи Республикасы (англ. Republic of Fiji, фижи Matanitu Tugalala o Viti, фижи хиндиси Fidźi Ganaradźja, фижи хиндиси फ़िजी गणराज्य) — Меланезиянын чыгышындагы, Океаниядагы көз карандысыз мамлекет. Тынч океанынын түштүк-батышындагы Фижи архипелагында, Жаңы Зеландиянын түндүгүндө, Вануатунун чыгышында, Тувалунун түштүгүндө жана Тонганын батышында жайгашкан.

Өлкөнүн расмий аталышы бир нече жолу өзгөргөн:

  • Фижи Падышалыгы (1871-1970 жж.).
  • Фижи (1970-1987 жж.).
  • Фижи Республикасы (1987-1990 жж., 2010-жылдан тартып).
  • Фижи Эгемендүү Демократиялык Республикасы (1990-1998 жж.).
  • Фижи Аралдарынын Республикасы (1998-2010 жж.).

Этимология[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттин азыркы «Фижи» аталышы — өлкөнүн башкы Вити-Леву аралынын тонга тилиндеги бурмаланган аталышынан келип чыккан. Тонга аралдарынын жашоочулары илгертен бери фижиликтер менен тыгыз байланышта болушкан, алар аймакта эр жүрөк жоокерлер жана мыкаачы каннибалдар жашашат деп эсептеген. Фижиликтер жасаган курал-жарактар жана буюмдар жакынкы аралдарда жашаган элдер арасында чоң суроо-талапка ээ болгон. Фижилер өз мекенин Вити (фижи Viti), ал эми тонгалыктар Фиси (тонга Fisi) деп аташкан. Кийинчерээк бул сөздү европалыктар, тактап айтканда, британиялык Жеймс Кук аталышын, биринчи жолу картага «Фижи» (англ. Fiji) деп түшүргөн[1].

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Б.з.ч. 1500-жылдары Фижи аралдарында полинезиялык, андан кийин меланезиялык уруулары жашаган. 1643-жылы Фижи аралдарын голландиялык деңиз саякатчысы Абель Тасман ачкан. 1774-жылы аралдарды англиялык деңиз саякатчысы Жеймс Кук изилдеген. 1835-жылы аралдарга англиялыктардын биринчи тобу келип, 1874-жылы бул аралдар Улуу Британиянын колониясына айланган. 1875-76-жылдары уруу башчыларынын жетекчилиги астында жергиликтүү элдер англис колонизаторлоруна каршы чыгышкан. 1879-жылдан баштап Фижиге кант плантацияларында иштөө үчүн Индиядан жумушчуларды алынып келе баштаган. 1966-жылы улуттук-боштондук кыймылынын кысымы астында жергиликтүү калктын укуктарын кыйла кеңейткен конституция кабыл алынган. 1970-жылы Фижи Британ шериктештигинин алкагында көз карандысыздыкка жетишкен. 1987-жылдагы аскердик төңкөрүштүн натыйжасында бийлик аскерлердин колуна өткөн жана генерал-губернатордун кызматы жокко чыгарылган. Фижи Республикасы деп жарыяланып, шериктештиктен чыккан. 1997-жылы Конституциянын расалык дискриминацияга байланыштуу жоболоруна өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин кайрадан Шериктештикке кабыл алынган.

Физикалык жана географиялык мүнөздөмөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фижинин Океаниядагы жайгашкан картасы
Фижинин картасы
Фижинин топографиялык картасы

Географиялык абалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тынч океанынын түштүк-батышында, Меланезияда жайгашкан Фижи мамлекети жанар тоо жана коралл аралдарынын тобунан турат. Өлкөнүн борбору Сува шаары Жаңы Зеландиядан 1770 чакырым түндүктө жана АКШнын Гавайи штатынан 4450 чакырым түштүк-батышта жайгашкан[2].

Жакынкы архипелагдары — Франциянын Уоллис жана Футуна аймагына таандык жана Фижи аралдарынын түндүк-чыгышында жайгашкан Футуна (Хорн) аралдары, чыгышында Тонга мамлекетине таандык аралдар жана батышында Вануатуга таандык Жаңы Гебрид аралдары.

Фижинин жалпы аянты 18,274 км²[3]. Өлкө 332 аралдарда жайгашкан, аралдардын үчтөн биринде гана туруктуу калк жашайт[4]. Алардын аянты боюнча эң чоңдору Вити-Леву (10 429 км²) жана Вануа-Леву (10 429 км²) аралдары[4].

Вити-Леву аралында өлкөнүн калкынын 70% жакыны жашайт, Фижинин үч ири шаары (Сува, Нанди жана Лаутока) жана негизги аэропорту жайгашкан. Башка ири аралдары — Тавеуни (470 км²), Кандаву (411 км²), Нгау (140 км²) жана Коро (104 км²). Фижи аралдарынын көбү арал топторуна чогултулган, алардын эң чоңу Вануа-Леву, Вити-Леву, Кандаву, Ломаивичи, Ясава, Маманута, Лау жана Моала. Өлкөнүн курамына Сува шаарынан 63 км түндүк-батышта жайгашкан Ротума аралы (43 км²) кирет[4]. Ротума аралын кошпогондо Фижи аралдары түндүк-батыштан түштүк-чыгышка карай 595 чакырымга, түндүк-чыгыштан түштүк-батышка 454 чакырымга созулуп жатат[2].

Өлкөнүн эң бийик жери Вити-Леву аралында жайгашкан бийиктиги 1324 метрге жеткен Томаниви тоосу[3].

Фиджинин эң түндүккү аралы — Ротума арал тобунун курамына кирген Уэа аралы, эң батышкы жана ошол эле учурда эң түштүккү аралы — Теваира рифи, эң чыгышкы аралы — Ватоа.

Геология[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фижи аралдары, батыш тарабынан Түндүк Фижи ойдуңу, чыгыш тарабынын Лау ойдуңу жана Фижи жаракасы, Мэтью Хантер кырка тоосу менен чектелген Тонга-Кермадек менен Жаңы Гебриддер аралдарынын конвергенция аймактарынын ортосунда жайгашышкан. Тынч океанынын тектоникасын жана түзүлүшүн изилдөөнүн негизинде, мурунку мезгилде Фижи аралдары Тынч океанынын жанар тоолук от шакекчесинин ажырагыс бөлүгү болгон деп божомолдоого болот[5].

Климат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Климатограмма Сува шаары
ЯФМАМИИАСОНД
 
 
315
 
30.6
23.6
 
 
288
 
31.0
23.8
 
 
371
 
30.6
23.5
 
 
390
 
29.7
23.1
 
 
267
 
28.3
21.9
 
 
164
 
27.6
21.4
 
 
142
 
26.5
20.4
 
 
159
 
26.6
20.5
 
 
184
 
27.0
20.9
 
 
234
 
27.8
21.7
 
 
264
 
28.8
22.5
 
 
263
 
29.8
23.2
Температура °CЖаан-чачын мм
Булак: Fiji Meteorological Services

Фиджи аралдарынын климаты океандык тропиктик. Архипелагга жакын, анын түндүк-чыгыш жана түштүк-батыш тараптарында Түштүк Тынч океанынын конвергенция аймагы жайгашкан. ушул себептерден улдам жаан-чачындын көп болушу менен мүнөздөлөт. Бул аймак климаттын кескин жана күтүсүздөн өзгөрүшүнө алып келет[4]. Майдан октябрга чейин созулган кургакчыл мезгилде бул конвергенция аймагы Фижинин түндүк-чыгышында жайгашат, ал эми ноябрдан апрелге чейин жаан-чачындуу мезгилде аралдардын аймагын камтыйт. Жаан-чачындуулукка таасир этүүчү дагы бир маанилүү фактор, Фижи аралдарына нымга каныккан абаны алып келген түштүк-чыгыш пассатар саналат.

Орточо суткалык температура мезгилге жараша өзгөрүп турат. Кургакчыл мезгилинде +23°C - +25°C чейин, ал эми жаан-чачындуу мезгилде +26°C - +27°C чейин. Жалпысынан эң суук (июль-август) жана эң жылуу айларда (январь-февраль) температуранын айырмасы +3°C - +4°C гана түзөт. Жээкке жакын жерлерде орточо түнкү температура +18°C, ал эми күндүзү +32°C. Аралдардын ички аймактарында түнкү температура +15°C чейин төмөндөшү мүмкүн. Фижиде катталган минималдуу температура +8°C, ал эми максималдуу температура +39,4 °C болгон. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө чыгыштан жана түштүк-чыгыштан соккон пассаттар, ал эми Вити-Леву жана Вануа-Леву аралдарында бриз шамалдары мүнөздүү. Шамалдын ылдамдыгы көбүнчө убакта катуу эмес. Чоң ылдамдыка жеткен шамалдар июндан менен ноябрь айларынын ортосунда сейрек катталып турат[6].

Суу ресурстары (гидрология)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Наусори шаарынан агып өткөн Рева дарыясы

Фижи аралдарынын көпчүлүгүндө таза суунун чектелген туруктуу булактары бар. Топурак борпоң болгондугунан улам, жаан-чачын менен жааган суулар жер бетинде көпкө турбай, бат эле жерге сиңип кетет. Жергиликтүү жашоочулар негизинен чатырлардан топтолгон жамгыр суусун же кичинекей кудуктардан алынган сууну колдонушат.

Ири жанар тоо аралдарында көптөгөн дарыялар жана сайлар бар, ал эми Вити-Леву аралында ири дарыялар бар. Бул аралдын болжол менен 70% аймагында өлкөнүн — Рева, Навуа жана Сингатока аталышындагы үч ири дарыя тутумунун бассейндери орун алган. Бул дарыялар Вити-Левунун түштүк бөлүгүндө деңизге барып куюшат[7]. Өлкөнүн эң ири Рева дарыясынын узундугу 145 км жетет (кеме жүрүүчү бөлүгү 100 км жакын) жана дарыя бассейнинин аянты болжол менен 3000 км². Бирок, экономикалык жактан алганда Мба жана Нанди дарыялары эң чоң мааниге ээ. Вануа-Леву аралынын дарыяларынын узундугу, 55 км Дрекети дарыясынын эске албаганда кыска келет[7].

Көлдөр Фижи аралдарында үчүн сейрек кездешет. Көлдөрдүн эң чоңу Тавеуни аралында жайгашкан, аянты 23 га болгон Тангимаутиа көлү. Вануа-Леву аралында, аянты кичинекей, суусу аз туздуу Нгалонгало, Нгасаува жана Ндрано көлдөрү жайгашкан[7].

Кен-байлыктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фижи аралдарында жез, алтын, коргошун, цинк жана башка бир катар металлдардын кендери бар. Мисалы, 1970-жылдардын башында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында Вити-Леву аралында Сингатока жана Мба шаарларынын аймактарында курамына 57-58% чейин темирди, 6,7-7,5% титан оксиддерин, 0,7-0,1% ванадий оксиддерин(V), 0,3-0,35% хром оксиддерин камтыган кендердин кору аныкталган[8]. Бирок, бул кендерди казып алуунун жана кайра иштетүүнүн рентабелдүүлүгүнүн төмөндүгүнө байланыштуу азыркы учурда өлкөдөгү металлдардан алтын жана алтын менен кошо чыгуучу күмүш гана казылып алынат. Алтын 1933-жылдан бери экспорттолуп келет. Мындан тышкары, бут жана даана таштары, фосфаттар, кум, шагыл жана цемент сырьёлору аз өлчөмдө казылып алынат[9].

Фижи аралдарында болгон минералдык кендерден тышкары, өлкөнүн жээк аймактарында мунайдын кору болушу ыктымал[10].

Топурак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фиджи аралдарындагы топурактардын көбү негизинен жанар тоо тектеринен туруп, түшүмдүү келет. Курамында коралл жана башка тектердин бөлүктөрүн камтыйт. Дарыялардын боюнда жайгашкан аллювий чөкмөлөрү аллохтондук топурактар басымдуурак кылат[11]. Ойдуңдардын (деңиз жээктери, пенепленге) топурактары вулкандык күлдөн, тоо тектерден, акиташ туфунан, чоподон турат. 600 метрден бийик, тоолуу айматкардын топурактары аллювий чөкмөлөрүнө, вулкандык күлдөн, тоо тектерден турат. Жайыт топурактары курамында натрий, фосфор, күкүрт жана калийдин аздыгы менен мүнөздөлөт[12]. Фижидеги эң түшүмдүү топурактар Сингатока, Рева, Нанди, Мба, Навуа жана Ламбаса дарыларынын жайылмасында жайгашкан[12].

Флора жана фауна[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маманута аралы

Аралдардын геологиялык түзүлүшүн, ар кандай климаттык шарттарын жана архипелагдагы айрым аралдардын обочолонуп жайгашкандыгына байланыштуу, Фижинин экосистемасы ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. Фижи аралдарынын бетинин көбү жыш өсүмдүктөр менен капталган. Жээк аймактарында мангрлар, көптөгөн рифтер кездешет[4]. Бул аймактын флористикалык бөлүнүшү тарабынан, жергиликтүү флора палеотропикалык флористтик облустун Индо-Малайзия субоблусунун Фижи аймагынын бир бөлүгү болуп саналат. Ушуга байланыштуу бардык уруктуу өсүмдүктөрүнүн 90% жакыны Жаңы Гвинея аралында да кездешет. Мындан тышкары, Австралияда, Гавай аралдарында, Жаңы Каледонияда, Жаңы Зеландияда жана Француз Полинезиясында кездешкен өсүмдүктөрдүн түрлөрү да бар[13].

Өлкөдөгү мангр бактарынын жалпы аянты 42 миң гектарды түзөт. Алардын көбү Мба, Рева, Нанди жана Ламбаса сыяктуу ири дарыяларынын дельтасынын аймактарында же тоскоол рифтер корголгон жерлерде жайгашкан[13].

Жалпысынан Фижи аралдарында өсүмдүктөрдүн 2600гө жакын түрү каттлаган, алардын 1600гө жакыны жергиликтүү түрлөр жана 1000ге жакын түрү адамдар тарабынан алынып келинген. Алардын ичинен 310го жакын түрү папоротник сымал өсүмдүктөр жана 2225 түрү урукту өсүмдүктөр[13].

Эндемикалык түрлөрдүн саны салыштырмалуу жогору: жергиликтүү өсүмдүктөрдүн болжол менен 63% түзөт. Толугу менен эндемиктер болуп Degeneriaceae тукумундагы өсүмдүктөр саналат.

Административдик-аймактык түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фижинин административдик-аймактык түзүлүшүнүн картасы
Фижинин провинциялары

Административдик жактан Фижи Республикасы округдарга бөлүнөт. Жалпысынан өлкөдө төрт округ жана бир көз каранды аймак бар:

  • Чыгыш округу;
  • Батыш округу;
  • Түндүк округу;
  • Борбордук округу

Округдар өз кезегинде 14 провинцияларга бөлүнөт: Кандаву, Лау, Ломаивичи, Мба, Мбуа, Матуата, Наитасири, Намоси, Нандронга-Навоса, Ра, Рева, Серуа, Таилеву жана Такаундрове.

  • Негизги архипелагдын түндүгүндө жайгашкан Ротума аралы ички автономиялуу көз каранды аймак макамына ээр.
Округ Провинция Аянты,
км²
Калкы,[14]
адам (2007)
Калктын жыштыгы,
адам/км²
Административдик борбору
Чыгыш округу 1 Кандаву 478 10 167 21,27 Вунисеа
2 Лау 487 10 683 21,94 Тубоу
3 Ломаивичи 411 16 461 40,05 Левука
Батыш округу 4 Мба 2634 231 760 87,99 Мба
5 Нандронга-Навоса 2385 58 387 24,48 Сингатока
6 Ра 1341 29 464 21,97 Ваилека
Түндүк округу 7 Матуата 2004 72 441 36,15 Ламбаса
8 Мбуа 1379 14 176 10,28
9 Такаундрове 2816 49 344 17,52 Савусаву
Борбордук округу 10 Наитасири 1666 160 760 96,49 Насину
11 Намоси 570 6898 12,10 Навуа
12 Рева 272 100 787 370,54 Сува
13 Серуа 830 18 249 21,99 Серуа
14 Таилеву 755 55 692 73,76 Наусори
Көз каранды аймак 15 Ротума 46 2002 43,52 Ахау
Баардыгы 18 074 837 271 45,82
Орточо 1204,93 55 818,06 59,116875

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Вануатунун калкы
Фижинин калкынын өсүү динамикасы
Калктын структурасы
Калктын саны 935 974 адам (2020)
Калктын жыштыгы 51,2 адам/км² (2020)
Орточо курагы жалпы: 29,9
эркектер: 29,7
аялдар: 30,1

(2020)

Курак структурасы 0—14: 26,86%
15—60: 65,81%
64 жогору: 7,34%

(2020)

Шаардык калктын үлүшү 57,2% (2020)
2000-жылга карата жыныстык жана курактык түзүм
Төрөлүүнүн деңгээли
Фертилдүүлүктүн жалпы коэффициенти 2,31 ‰ (2020)
Калктын өсүү темпи 0,5 ‰ (2020)
Өлүмдүн деңгээли
Ымыркайлардын өлүмү

(1 жашка чейинки 1000 төрөлгөндөргө)

8,8 ‰ (2007)

эркек балдар: 9,7 ‰ кыздар: 7,9 ‰

Адамдардын өлүмү (1000 адамга) 6,3 ‰

Калктын саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калктын саны[15][16]
1891 1901 1911 1921 1936 1946 1956 1966 1976 1986
121 180 120 124 139 541 157 266 198 379 259 638 345 737 476 727 588 068 715 375
1996 2007 2013 2014 2015 2017 2020
775 077 837 271 862 068 865 611 869 458 884 887 935 974

Жашоонун узактыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жашоонун жалпы узактыгы[17]
Жыл Эркектер Аялдар Жалпы
1996 64,5 68,7 66,6
2007 65,2 69,5 67,4
2008 65,1 68,4 66,7
2009 65,9 68,5 67,2
2010 66,2 69,1 67,6

Саны жана жайгашуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улуттук эл каттоо Фижиде 1891-жылдан баштап дайыма ар бир он жыл сайын жүргүзүлүп турат. 2007-жылдагы эл каттоонун маалыматтарына ылайык (Фижи статистика башкармалыгынын маалыматтары), өлкөнүн калкы 837 271 адамды түзгөн. 2020-жылга карата бул сан 935 974 адамга чейин көбөйгөн[14].

Фижиде калктын өсүү темпи башка Океаниядагы мамлекеттерге салыштырмалуу төмөн: 2020-жылдагы эсептөөлөр боюнча болгону 0,5% болгон. 2007-жылдагы эл каттоодо калктын санынын 0,7% өcүүшүн көрсөткөн[14].

Калктын санын эсептөө жана башка статистикалык маалыматтарды чогултуу ар бир провинция боюнча жүргүзүлөт. 2007-жылга карата провинциялардын калкынын саны жана пайызы:

Божомолду малыматтар боюнча, 2100-жылга карата өлкөнүн калкынын саны 1,3 млн адамды түзөт.

Жаңы Зеландияда, Австралияда жана АКШда фижиликтердин ири диаспоралары бар.

2001-жылы Жаңы Зеландияда 7000ге жакын фижиялыктар катталган (Жаңы Зеландиянын аймагында жашаган Океания элдеринин 3% га жакыны). Алардын көбү 57% Окленд шаарында, 11% Веллингтондо, 5% Крайстчерчте жашайт[18].

Австралияда, 2006-жылы 48 150 фижиликтер катталган, алардын көбү Жаңы Түштүк Уэльс (28 610 адам же 59,4%), Квинсленд (8 950 адам же 18,6%) жана Виктория (7 910 адам же 16,4%) штаттарында отурукташкан[19].

Мындан тышкары, АКШда фижиликтердин чоң диаспорасы бар, саны 2000-жылы 10 265 адамды же АКШ жашаган Океания элдеринин жалпы санынын 2,7% тМындан тышкары, АКШда чоң диаспора бар: 2000-жылы-10 265 адам, же Штаттарда жашаган Океаниядагы элдердин 2,7% түзгөн[20].

Фижи айымдары. 1935-жыл

2007-жылы Фижинин шаар калкынын үлүшү 50,7% же 424,846 адам болгон. Өлкөнүн беш ири калктуу жайлары — Насину (76 064 адам), Сува (74 481 адам), Лаутока (43 473 адам), Наусори (24 919 адам), Нанди (11 685 адам). Эң урбанизацияланган, шаар калкынын үлүшү айыл калкынан жогору болгон провинциялары — Мба, Наитасири жана Рева[14].

2007-жылы калкынын 51% же 427 176 адамды эркектер жана калкынын 49% же 410 095 адамды аялдар 49% түзгөн. 2020-жылга карата 14 жашка чейинки балдардын үлүшү 26,86%; 15 жаштан 64 жашка чейинки адамдарын үлүшү 65,81%; 65 жаштан жогору жаштагылардын үлүшү 7,34% болгон. 2020-жылдагы малыматтарга ылайык, Фижи тургундарынын орточо жашы 29,9 жашты, эркектердин орточо жашоо узактыгы 71 жашты жана аялдар орточо жашоо узактыгы 76,6 жашты түзгөн[3].

Этникалык курам[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фижинин калкы эки улуттук: 2007-жылдагы эл каттоого ылайык, тургундардын дээрлик 57% же 475,739 адам Фижи аралдарынын түпкү элинин өкүлдөрү жана 37,5% же 313,798 адам фижи-индиялыктар болгон. Башка элдери: 1,2% (10 335 адам) — ротума, 1,8% (15 311 адам) — Тынч океанынын башка аралдарынан келгендер, 1,3% (10 771 адам) — европалыктар менен жергиликтүү адамдардын ортосундагы никеден төрөлгөндөр, 0,6% (4704 адам) — хан кытайлары[14].

Тил[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фижи тили жана англис тили — расмий тилдери, Фижиде жашаган индиялыктар арасында хинди тили жана «хиндустани» (хинди жана урду тилдери менен байланышкан тил) кеңири таралган.

Дин[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фижиде 1966-жылдан бери 27 чиркөөнү жана Тынч океанынын аймагындагы 11 Улуттук Кеңешти бириктирген Тынч океан чиркөөлөрүнүн конференциясы иш алып барат[21][22].

Диний курам:

  • Мусулмандар — 6,3%
  • Христиандар — 64,5%
    • Методисттер — 35%
    • Католиктер — 9%
    • Кудайдын ассамблесы агымы — 6%
    • Жетинчи күндүн адвентисттери — 4%
    • башка христиан дининин агымдары — 11%
  • Индуизтер — 27,9%
  • Сикхтер — 0,3%
  • Башка диндер жана атеисттер — 1%

Саясий түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Конституциясы боюнча Фижи — эгемендүү демократиялык мамлекет. Көз карандысыз Фижи мамлекетинин тарыхында төрт жолу Конституция кабыл алынган[23].

Мамлекет башчысы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1990-жылдын жана 1997-жылын Конституцияларында Фижинин Президентин беш жылдык мөөнөткө Уруу башчыларынын Жогорку Кеңеши тарабынан шайланган. 2013-жылдагы жаңы Конституцияга ылайык, ал өлкө парламентинин жыйынында үч жылдык мөөнөткө шайланат. Президенттин өлкөнүн саясий турмушундагы ролу чектелген, бирок ал улуттук каатчылык учурунда колдонула турган белгилүү бир бийликке ээ. Жаңы Конституция боюнча ал Фижинин куралдуу күчтөрүнүн башчысы болуп саналат[23].

Аткаруу бийлиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Премьер-министр расмий түрдө президент тарабынан дайындалат. Ал өкүлдөр палатасында көпчүлүктүн колдоосуна ээ болушу керек. Иш жүзүндө ири саясий партиянын же коалициянын лидери премьер-министр болуп бекитилет. Бирок, кээде парламент бир пикирге келе албаган учурларда, президент арбитрдин ролун өзүнө алат жана бардык саясий фракциялар менен талкуулоолордон кийин премьер-министрди Өкүлдөр палатасынын көпчүлүк мүчөлөрү менен дайындайт. Премьер-министрдин ордун бекиткенден кийин, президент расмий түрдө аткаруу бийлигинин өкүлү болгон 10-25 мүчөдөн турган Министрлер кабинетинин курамын аныктайт[23].

Мыйзам чыгаруу бийлиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Парламент эки палаталуу. Өкүлдөр палатасы 71 мүчөдөн турат. Алардын 25 мүчөсү, ар бир 5 жылда болуп турган жалпы элдик шайлоодо шайланышат. Калган 46 орун Фижинин этникалык жамааттары үчүн сакталган: 23 фижи улутундагылар, 19 индо-фижилер, 1 ротум жана 3 жалпы талапкерлер (европалыктар, кытайлар жана башка улуттар).

Парламенттин жогорку палатасы болгон Фижинин Сенатында 32 мүчө бар, алар расмий түрдө Президент тарабынан бекитилет. Талапкерлерди Уруу башчыларынын Жогорку Кеңеши (14), Премьер-министр (9), оппозициянын лидери (8) жана Ротума аралынын Кеңеши (1) сунушташат.

Сенат өкүлдөр палатасына караганда азыраак бийликке ээ жана мыйзамдарды демилгелей албайт, бирок аларды кабыл алууда четке кагууга же оңдоого укуктуу[23].

Сот бийлиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жогорку соттун мүчөлөрүн президент дайындайт. Мыйзамдар системасы британиянын укутук системасында негизделген[23].

Куралдуу күчтөрү жана полиция[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Куралдуу күчтөр эки компоненттен турат: кургактагы күчтөр (армия) жана аскер-деңиз күчтөрү. Океаниянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу Фижи ири сандагы кургактагы күчтөргө ээ жана БУУнун дүйнөнүн ар кайсы бурчтарындагы тынчтык миссияларынын активдүү катышуучусу. Тынчтыкты орнотууга катышуу Фижинин эң маанилүү кирешелеринин бири. Учурда Чыгыш Тимордо, Иракта, Ливанда, Синайда жана Фиджиде аскерлери кызмат өтөп келет. Аскер-деңиз флотунда 9 патрулдук кайык, 2 көмөкчү кеме жана президент колдонгон яхта бар. Учурда фиджинин куралдуу күчтөрүндө авиация жок[23].

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сува шаарындагы соода борбору

Фижинин экономикасы айыл чарбасына, токой чарбасы, балык уулоого, алтын казып алуу жана экспорттоого, туризмге негизделген. Тамак-аш, жеңил өнөр жай, кол өнөрчүлүк багытында иш алып барган чакан мекемелери бар.

Өлкөнүн тышкы соодасынын негизги багыттары: кант, текстиль, алтын, балыкты экспортоо; өнөр жай товарларын, күйүүчү майларды, азык-түлүк товарларын, химикаттарды импорттоо.

2014-жылы, ИДӨ жан башына 8236 АКШ долларын түзгөн.

Туризм[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фижидеги курорт
Маманука аралдарынын тобундагы аралдардын бири
Фижинин батышындагы Мариотт Моми булуңунда жайгашкан суу үстүндөгү эс алуу жайлары

Фижиде туристерди өзүнө тарткан көптөгөн кызыктуу жана кооз жерлер жайгашкан. Туристер көп келген аймактарына Нади, кораллду жээктер, Денарау аралы жана Маманука аралдары кирет. Туристердин санынын ири бөлүгүн Австралиянын, Жаңы Зеландиянын жана Америка Кошмо Штаттарынын жарандары түзүшөт[24]. Фижиде коралл рифтери көп болгондугуна байланыштуу, ушул аймактарда сууга түшүү жана дайвинг туристтердин арасында кеңири тараган эс алуу багыттары[25].

Фижинин туристтер үчүн кооз жерлери негизинен ак кумдуу пляждар жана жыл бою тропикалык аба ырайы бар жагымдуу аралдар. Жалпысынан алганда, эс алууга жана саякаттого Фижиде орточо баалар орнотулган. Ошондой эле, аралдарда дүйнөлүк деңгээлдеги беш жылдыздуу курорттор жана мейманканалар да жайгашкан. Фижи аралдарынын четки аралдарында туристтерди тартуу максатында бюджеттик курорттор куруулуда[25]. CNN телеканалы Лаукала аралында орун алган Laucala Island Resort мейманканасын дүйнөдөгү эң кооз он беш мейманкананын бири деп атаган[26].

Расмий статистикалык маалыматтарга таянсак, 2012-жылы Фижиге келген коноктордун 75% эс алуу үчүн келген туристер экенин билдиришкен[27]. Туристтердин таттуулашуу айларын өткөрүүгө, үй-бүлөлүк эс алууга (кичинекей балдар үчүн атайын жайлар бар, балдар клубдары) толугу менен ыңгайлуу шарттар түзүлгөн[28].

Сувадагы Турстен ботаникалык багы, Сигатока кум дөңсөлөрү жана Коло-и-Сува токой паркы жана Фижинин сырткы аралдарда суу астында сүзүү (дайвинг) абдан кызыктуу эс алуу багыттары болуп саналышат[29].

Фижинин статистикалык башкармалыгы маалыматы боюнча төмөнкү өлкөлөрдөн эң көп сандагы туристер келет:

Өлкө 2019 2018 2017 2016 2015
 Австралия 367,020 365,660 365,689 360,370 367,273
 Жаңы Зеландия 205,998 198,718 184,595 163,836 138,537
 АКШ 96,968 86,075 81,198 69,628 67,831
 Кытай 47,027 49,271 48,796 49,083 40,174
 Улуу Британия 16,856 16,297 16,925 16,712 16,716
 Канада 13,269 13,220 12,421 11,780 11,709
 Жапония 14,868 11,903 6,350 6,274 6,092
 Корея Республикасы 6,806 8,176 8,871 8,071 6,700
Жалпы саны: 894,389 870,309 842,884 792,320 754,835

Фижи аралдарында Голливуддун ар кандай кино тасмалары тартылган[30]:

АКШнын «Survivor» реалити-шоусу 33-сезонунан тартып Маманука аралдарында тартылып келүүдө[31].

Транспорт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нади аэропорту
Порт Денарау менен Ясава аралдарын ортосунда каттаган «Yasawa Flyer» кемеси
Фижинин чыгышындагы аралдардын бири

Фижи аралдарындагы 15 мамлекеттик аэропорт иш алып барууда. Ал аэропорттордун эки аэропорту эл аралык деген макамга ээ. Эл аралык аэропорттору — Фижинин негизги эл аралык дарбазасы деп аталган Нади эл аралык аэропорту жана Наусори эл аралык аэропорту , Фиджинин ички борбору жана 13 тышкы арал аэропорту. Бул аэропорттордон тышкары 13 аралдык аэропорттор деген макамга ээ болгон 13 аэропорт бар.

Фиджинин негизги авиакомпаниясы — «Fiji Airways»[32].

Нади эл аралык аэропорту жайгашкан провинциясынын борборунан 9 км түндүгүндө жайгашкан жана Фижинин эң ири транспорттук хабы болуп саналат[33]. Наусори эл аралык аэропорту Сува шаарынын борборунун түндүк-чыгышында 23 км аралыкта жайгашкан жана негизинен Австралия жана Жаңы Зеландиядан учуп келген каттамдарды тейлейт.

Лабаса аэропорту — Вануа Леву аралындагы негизги аэропорт, Лабаса шаарынын түштүк-батышындагы Вайкеле шаарында жайгашкан. Лабаса аэропортунун эң чоң учагы — ATR 72[34].

Фижинин аянты жагынан чоң аралдарында арзан жана туруктуу автобус каттамдары бар. Автобустар коомдук транспорттун негизги түрү.Калктуу конуштардын жана шаарлардын ортосунда туруктуу автобус маршруттары бар[35].

Жеке жана чакан таксомотордук компаниялар да эл ташуу багытында иштерин алып барышат жана аралдар арасында деңиз аркылуу эл ташуучу кемелердин да маршруттары бар.

Айдоочуларга уруксат кагазын берүү жана коомдук траспортто жол киренин өлчөмүн бекитүү өлкөнүн транспорт башкармалыгына жүктөлгөн[35].

Фижинин негизги аралдарынын ортосунда жүк ташуу жана адамдарды ташуу кызматын көрсөткөн паромдук компаниялар да иштейт. Patterson Brothers Shipping Company LTD кеме компаниясы унааларды жана чоң көлөмүү жүктөрдү ташуу багытында иш алып барат.

Маданият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Навал айылындагы үйлөр
Фиджинин улуттук регби командасы. 2007-жылы Канадага менен беттешүүсү

Тамак-аш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ямс, маниок жана таро жергиликтүү, айрыкча айыл жеринде жана алыскы аралдарда тамак-аштын негизин түзөт. Жергиликтүү тамактарга каконда же кокода (лайм ширесинде маринаддалган жергиликтүү балык), роуроу (колоказиянын жалбырактарынан жасалган өзгөчө салат), кассава — (кокос сүтү, шекер жана банандын пюресинен жасалган тамактын түрү), дурука (спаржага окшош кайнатылган жашылча), куурулган же бышырылган тапиока, нан жемиштеринин бардык түрлөрү, ар кандай эттин, балыктардын жана жемиштерлин түрлөрү кирет.

Кава — фижинин улуттук ичимдиги, жергиликтүү тургандар «янгона» же «якона» деп аташ коюшат.

Спорт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улуттук спорттун түрлөрү — регби-7, регби-15 жана регбилинг. 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн олимпиада оюндарында, Фижинин регби-7 боюнча эркектер командасы эки алтын медаль утуп алган. Бул медалдар Фижи үчүн Олимпиада оюндарынын тарыхында биринчи медалдары болуп калган. 2021-жылы Токиододо регби-7 боюнча аялдар командасы коло медалга ээ болушкан.

2016-жылы Фижинин курама командасы Дүйнөлүк регби-7 сериясыны утуп алган[36].

Фижинин регби боюнча курама командасы бир топ убакытан бери IRB дүйнөлүк рейтингинин үчүнчү бештигинде[37].

Майрамдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Fiji High Commission. Фижи жөнүндө (англ.)
  2. 2.0 2.1 Фижинин жайгашкан жери, аянты
  3. 3.0 3.1 3.2 CIA. The World Fact Book. Фижи
  4. 4.0 4.1 4.2 4.3 4.4 Pacific Islands Climate Change Assistance Programme (PICCAP) & Fiji Country Team. Климаттын өзгөрүшүнө карата Фижи аралдарынын иш-чаралары
  5. Жер жана минералдык ресурстар министрлиги. Фижинин минералдык ресурстар департаменти. Фижинин геологиясы.
  6. Fiji Meteorological Services. Фижинин климаты
  7. 7.0 7.1 7.2 RAMSAR Program. Фижи
  8. Tevita Vuibau and Frank Whippy. Тынч океанынын түштүгүндөгү минералдар Archived 2017-11-11 at the Wayback Machine
  9. Travis Q. Lyday. Фижидеги минералдар
  10. Фижинин мунайдын кору боюнча потенциалы. Текшерилген күнү 21 -август (баш оона) 2011. Түп булактан архивделген күнү 20 -июль (теке) 2011.
  11. World Wildlife Fund. Фижинин тропикалык нымдуу токойлору
  12. 12.0 12.1 FAO. Фижинин жайыт жана тоют ресурстары.
  13. 13.0 13.1 13.2 Ministry of Local Government, Housing and Environment. Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенция. Фижи Республикасы
  14. 14.0 14.1 14.2 14.3 14.4 2007-жылкы калкты каттоо маалыматтары (англ.)
  15. PDH.stat: Development indicator database
  16. Фижинин статистикалык башкармалыгы. Калк жана демография.
  17. Фижинин статистикалык башкармалыгы. Калктын саламатыгынын көрсөткүчтөрү
  18. Жаңы Зеландиядагы фижиликтер.. Текшерилген күнү 21 -август (баш оона) 2011. Түп булактан архивделген күнү 14 -ноябрь (жетинин айы) 2009.
  19. Community Information Summary. Fiji born. Текшерилген күнү 21 -август (баш оона) 2011. Түп булактан архивделген күнү 12 -сентябрь (аяк оона) 2006.
  20. Америка Кошмо Штаттарындагы Тынч океан аралдарынын тургундары.. Текшерилген күнү 11 -август (баш оона) 2011. Түп булактан архивделген күнү 17 -сентябрь (аяк оона) 2011.
  21. Andrew Louth. The Oxford Dictionary of the Christian Church. — Oxford University Press, 2022-02-17. — 4474 б. — ISBN 978-0-19-263815-1
  22. Mark A. Lamport. Encyclopedia of Christianity in the Global South. — Rowman & Littlefield, 2018-06-01. — С. 285. — 1119 с. — ISBN 978-1-4422-7157-9
  23. 23.0 23.1 23.2 23.3 23.4 23.5 Фижинин Конституциясы.
  24. Фижинин статистикалык башкармалыгы. Туристердин саны.
  25. 25.0 25.1 Фижинин саякатчылар үчүн маалыматтары жана колдонмосу.
  26. CNN. Дүйнөдөгү эң кооз, аралдарда жайгашкан мейманканалар.
  27. Фижинин статистикалык башкармалыгы. Туризм.(жеткиликсиз шилтеме)
  28. Фижидеги эң мыкты балдар үчүн клубдар.(жеткиликсиз шилтеме)
  29. Фижинин Маманука аралдарындагы эс алуудагы эң жакшы беш багыты.
  30. Фижи кинолордо.
  31. Жефф Пробст «Survivor» реалити-шоусун Фижиде гана тартылышын калайт.
  32. Air Pacific авиакомпаниясы, баштапкы Fiji Airways аталышsy кайрадан алды.
  33. Нади аэропорту.
  34. Фижинин аэропорттору.
  35. 35.0 35.1 Фижинин коомдук траспорту.
  36. World Series Standings
  37. International Rugby Board — World Rankings: Full world rankings. Текшерилген күнү 5 -июнь (кулжа) 2024. Түп булактан архивделген күнү 4 -июнь (кулжа) 2020.

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]