Мазмунга өтүү

Вьетнам эмгекчилер партиясы

Википедия дан
The printable version is no longer supported and may have rendering errors. Please update your browser bookmarks and please use the default browser print function instead.

Вьетнам эмгекчилер партиясы (ВЭП) — коммунисттик уюмдардын Гонконгдогу бириккен конференциясында 1930-жылы 3-февралда негизделген.

Адегенде Вьетнам коммунисттик партиясы, 1930-жылдын октябрынан 1951-жылдын февралына чейин Инди-кытай коммунисттик партиясы (ИККП) деп аталган. 1931-жылы Коминтернге кабыл алынган. Экинчи дүйнөлүк согуш убагында француз колониячыларына жанa жапон баскынчыларына каршы Вьетнам элинин күрөшүн жетектеген. Улуу Ата Мекендик со­гушта СССРдин жеңишинен кийин түзүлгөн эл аралык кырдаал, ошондой эле Вьетнамдын ичиндеги революциялык жагдай 1945-жылдын августунда Танчо конференциясында ИККПнин куралдуу көтөрүлүшкө өтүү жөнүндө чечим кабыл алышына мүмкүндүк берген.

Булактар

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.