Мазмунга өтүү

Садыр Жапаров

Википедия дан
The printable version is no longer supported and may have rendering errors. Please update your browser bookmarks and please use the default browser print function instead.
Садыр Жапаров
Жапаров Садыр Нургожоевич
Садыр Жапаров
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын президенти
желек
желек
 28-январь, 2021
Андан мурунку: Талант Мамытов (м. а)
Кыргыз Республикасынын президенти
(милдетин аткаруучу)
15-октябрь, 2020 — 14-ноябрь, 2020
Андан мурунку: Сооронбай Жээнбеков
Андан кийинки:   Талант Мамытов (м. а)
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын премьер-министри
10-октябрь, 2020 — 14-ноябрь, 2020
Президент: Сооронбай Жээнбеков
Андан мурунку: Кубатбек Боронов
Андан кийинки:  Артём Новиков (м.а.)
Желек
Желек
Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты
2010 — 2013
Президент: Роза Отунбаева
Алмазбек Атамбаев
 
Жарандыгы: СССР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Туулган жери: Кең-Суу айылыны, Түп району, Ысык-Көл облусу, Кыргыз ССРи, СССР
Партиясы: Мекенчил
Ата-Журт
Кесиби: юрист

Садыр Жапаров (6-декабрь 1968 - Кең-Суу Ысык-Көл облусу Түп району, Кыргызстан) — кыргызстандык саясатчы жана мамлекеттик ишмер. Кыргыз Республикасынын президенти.

Өлкөнүн маанилүү стратегиялык Кум-Төр алтын кенин иштеткен канадалык «Centerra Gold» компаниясынын тегерегиндеги коррупциялык кылмыштардын жүзүн ачуу боюнча деп аракеттери менен таанымал[булак?].

Өмүр баяны

Садыр Жапаров Нуркожоевич 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган. 1986-жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Дене тарбия жогорку окуу жайына өткөн. 1987-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1989-жылга чейин Новосибирск шаарында радиотелеграфисттер бөлүмүнүн командири болуп кызмат өтөгөн. «Советтик Армиянын отличниги» деген наам алган. 1989-жылдан 1992-жылга чейин кайрадан Дене тарбия институтунда билим алуусун уланткан. Экинчи жогорку билимин, Кыргыз-Россия Славян университетинде алып, аталган университеттин юридикалык факультетин ийгиликтүү аяктаган. 1991-1994-жылдары дыйкан чарбанын жетекчиси болуп эмгектенген. 1994-1996-жылдары Каракол шаарында жайгашкан “Керкей” ишканасынын башчысы. 1996-2001-жылдары “Гузель” ишканасынын генералдык директору. 2001-2005 жылдары Балыкчы шаарында жайгашкан “Нурнефтегаз” нефтини кайра иштетүүчү кичи заводун куруп, ал ишканада генералдык директор кызматын аркалаган. Садыр Жапаров чоң саясатка 2005-жылы “Жоогазын” революциясынан кийин аралашкан. 2005-жылы март айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин III чакырылышынын депутаты болуп өзү туулуп-өскөн Түп районунан шайлаган. 2006-жылы мамлекеттик сыйлыктарды берүү боюнча комиссиянын мүчөсү, 2007-жылы Ырайым берүү комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси. 2007-жылы 22-октябрда президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен парламент тарап, Садыр Жапаров депутаттык ишмердүүлүгүн токтоткон. 2008-2010-жылдары Коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттук агенттикте комиссар болуп эмгектенет. 2009-жылы мамлекет алдында сиңирген эмгеги жана Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын медалы менен сыйланган. 2010-жылы Орусиялык Ооганстан ардагерлер Союзунун атынан (Ооганстан ардагерлер Союзунун Орусия Борбордук башкармасынын 2009-жылдын 7-декабрындагы № 485чи чечиминин негизинде) “Ата Мекендин жана Ата Журттун алдындагы сиңирген эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган. 2010-жылы 7-апрель революциясынан көп өтпөй Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы улуттар аралык жаңжалда Садыр Жапаров өзүнүн жакын санаалаштары менен бирдикте башаламандыкты токтотуп, тынчтыкты орнотушат. 2010-жылдын күзүндө парламенттик шайлоодо “Ата Журт” партиясынан депутат болуп шайланып, соттук-укуктук реформалар боюнча комитет төрагалыгына бекитилет. 2012-жылы депутат катары Ысык-Көлдөгү көйгөйлөрдү жана жалпы эле кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн “Кумтөр” алтын кениндеги коррупциялык схемалардын айыбын ачуу менен катар экологиялык көйгөйлөрдү, компанияны улутташтыруу демилгесин парламентте байма-бай көтөрүп чыгат. Ушул кадамдары менен Садыр Жапаров коомдук ишмер катары калың элге кеңири таанылат. 2012-жылдын күз айында өткөн митинг үчүн Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровго Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 295-статьясы («бийликти күч менен басып алууга аракеттер көрүлгөн») боюнча айыпталышып, иш козголгон соң бир жыл жана алты айга эркинен ажырайт. Бирок, 2013-жылы март айында Бишкек шаардык соту тарабынан акталып, сот залынан бошотулат. 2013-жылы 27-июнда Каракол шаарында “Кумтөр” маселеси боюнча митингге чыгып, ошол кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев барымтага алынат. Бул иш боюнча Кубанычбек Кадыровду жана митингдин уюштуруучуларынын айрымдарына иш козголуп, Садыр Жапаров өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Кийинчерээк Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев бул ишке Садыр Жапаровдун күнөөсү жок экенин билдирген. Садыр Жапаров төрт жыл бою Польша мамлекетинде жашап, 2017-жылы Кыргызстанга кайтууга даярданып жатканын интернет аркылуу билдирет. 2017-жылдын 25-март күнү кыргыз-казак чек арасынан Садыр Жапаров түз эле УКМКнын абагына жеткирилип, “массалык башаламандык уюштурган жана бийлик өкүлдөрүн (Эмилбек Каптагаевди) барымтага алган” - деп 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. 2020-жылдын 5-октябрь күнү бийлик өз ресурстарын колдонду, парламенттик шайлоо болуп көрбөгөндөй бурмаланып, акыйкатсыз өттү деген калың эл аянтка нааразычылык акциясына чыгышып, 5-октябрдан 6-октябрга оогон түнү жалаң жаштардан турган топ саат 02:30да ак үйдү басып алышат. Ошол эле учурда көптөгөн элдин колдоосу менен Садыр Жапаров жаза мөөнөтүн өтөп жаткан №1чи колониядан бошотулуп, “Достук” мейманканасында өлкөнүн премьер-министри болуп дайындалат. 2020-жылы 15-октябрда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бийликти өз каалоосу менен өткөрүп бергенден кийин парламенттин колдоосу аркылуу Садыр Жапаров – Кыргыз Республикасынын президентинин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалат. Садыр Жапаров – 2020-жылдын 14-ноябрь күнү мамлекеттик жооптуу кызматтарга бир катар кызматкерлерди дайындоолор үчүн буйрукка, анын ичинде Мамлекеттик Чек ара кызматын УКМКнын курамына кошулуусуна буйрукка кол койгон соң, 2021-жылдын 10-январында өтө турган Кыргыз Республикасынын президенттик шайлоосуна талапкерликке аттануу үчүн арыз жазып, президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызматын өткөрүп берген.

Жеке жашоосу

Үй-бүлөлүү. Төрт баланын атасы.

Сыйлыктары

  • 2009 – жылы Сиңирген эмгеги жана Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон олутту салымы үчүн Ысык-Көл облусунун мамлекттик администрациясынын медалы менен сыйланган.
  • 2010 жылы “Сиңирген эмгеги үчүн” Россиялык Афганистан ардагерлер Союзунун атынан ( Афганистан ардагерлер Союзунун Россия Борбордук башкармасынын 2009-жылдын 7-декабрындагы № 485 чечиминин негизиде) Ата Мекендин жана Ата Журттун алдындагы “Сиңирген эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган.

Шилтеме